2013-жылы уюшкан кылмыштуу топтордун 197 мүчөсү кармалды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 3-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, кармалгандардын 119у К.Көлбаевдин, 14ү М.Абакировдун тобундагы балдар. Ошондой эле кылмыш дүйнөсүндө “положенец” жана “смотрящий” статусуна ээ кылмыштуу топтордун 10 мүчөсү кармалган.