Биз социалдык тармакта

Украина чет өлкөлөрдө оң имиджин сактоого 3,3 миллион доллар бөлөт

Украина 2027-жылы өлкөнүн чет өлкөлөрдөгү оң имиджин сактоого 3,3 миллион долларга жакын каражат бөлүүнү пландоодо. Бул тууралуу Жогорку Раданын сайтында жарыяланган 2027-жылга карата мамлекеттик бюджеттин долбоорунда айтылат.

Документке ылайык, ошол эле учурда өлкөнүн бюджет тартыштыгы 37 миллиард долларга жетет. Мамлекеттик карыздын көлөмү 276 миллиард долларга чейин өсүшү күтүлүүдө.

Украинанын премьер-министри Сергей Корецкийдин маалыматына караганда, 2027-жылы өлкө армиянын муктаждыктарына ички дүң продукциянын дээрлик 44 пайызын, башкача айтканда, 109 миллиард долларга жакын каражат жумшоону пландоодо.

Бюджеттин долбоору азырынча каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан