Кытайдын Чжэцзян провинциясында гуманоид робот сыноо учурунда күтүүсүз кыймылдап, инженердин колундагы башкаруу пультун буту менен тээп түшүргөн. Бул тууралуу 15-сентябрда чет элдик басылмалар маалымдашкан.
Инженер пультту алууга аракет кылганда, робот дагы бир жолу тепкен. Андан соң алдыга эңкейип таазим кылган.
Окуянын себеби азырынча аныктала элек. Адистер муну программалык ката же техникалык мүчүлүштүк болушу мүмкүн деп текшерип жатышат.