Коргоо министрлигинин аскерлери Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун "Рубеж-2026" биргелешкен машыгуусундагы спорттук мелдеште экинчи орунду ээлешти.
Мекеменин 17-сентябрдагы маалыматына ылайык, машыгуу 13-18-сентябрь күндөрү Казакстандын "Коктал" окуу полигонунда өткөрүлдү.
Спорттук мелдештерде жоокерлер аркан тартыш, волейбол, кол күрөш жана гиря көтөрүү боюнча күч сынашты. Анын жыйынтыгында кыргыз аскерлери командалык эсепте экинчи орунду ээлешти.