Биз социалдык тармакта

Ташиевдин тарапташы депутат Сыдыгалиевдин айтканына жооп кылды

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин тарапташы Өткүрбек Рахманов Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиевге жооп кылды.
"Кимдин кейпин ким кийет, кимдин тагдыры кандай болорун бир гана Жараткан өзү билет! Урматтуу президентибиз менен генералыбыздын алдыда дагы чогуу баса турган жолу узак деп ойлойм. А бүгүнкү ортодогу оюнчулар күнү келгенде ар бир ушагы, ар бир жагымсыз жана жасалма сөздөрү, кадамдары үчүн жок эле дегенде абийиринин алдында жооп берүүгө аргасыз болушат!"- деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.
Эске салсак, эл өкүлү Сыдыгалиев 16-сентябрдагы парламенттин тармактык комитетинин жыйынында министрлерге эскертүү берип жатып Ташиевди мисал кылган. "Силерден суранарым, жанагы Ташиевдин кейпин кийип калбагыла!",- деген эле.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан