"Алдамчылык менен алектенип, жарандардын акчасын жана кыймылсыз мүлкүн алып жүргөн" деген шек менен 1984-жылы Кадамжай районунунда туулган Жанболот аттуу жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Ош ШИИББинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган адамдын үстүнөн 6 арыз түшкөн. Жабырлануучулардын бири Ч.А. аттуу аялдан "мумиё менен алектенем, акча бере туруңуз" деп 245 миң доллар акчасын алып, изин жашырган.
Ошондой эле Ош шаарынын Мичурин көчөсүндө жайгашкан үйдүн документтерин өзүнө өткөрүп алган соң сатып жиберип качып кеткендиги аныкталды.
Кийип жүргөн формасы жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы кызматынын жасалма күбөлүгүн көтөрүп жүрүп элдин ишенимине кирген.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "алдамчылык" беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга жеткирилди.