Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаровду тосуп алууга америкалык улакчы да келди (видео)

Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Америка Кошмо Штаттарынын Юта штатына барды.

Мамлекет башчысын Солт-Лейк-Сити шаарынын аэропортунан Юта штатынын Сенатынын президенти Стюарт Адамс тосуп алды. Ошондой эле өлкө башчыны тосуп алууга АКШнын көк бөрү командасынын капитаны Лэдд Хауэлл да катышты.

Жапаров капитан менен жылуу учурашып, аны алкаган.

Президент БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын Жалпы дебаттарынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуусу күтүлүүдө.

Эске салсак, АКШнын көк бөрү боюнча курама командасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 2014-жылдан бери катышып келет.

Видео: Айжигит Матраимов

Америкалык улакчы да Садыр Жапаровду тосуп алууга келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан