Биз социалдык тармакта

Ламин Ямаль: “Алтын топ” 80 гол киргизген оюнчуга эмес, дүйнөнүн мыкты футболчусуна берилет”

“Барселонанын” жана Испания курамасынын футболчусу Ламин Ямаль кесиптеши Харри Кейн быйыл “Алтын топко” татыктуу эмес деген пикирин билдирди. Бул тууралуу спорт басылмалары жазышты.

Анын айтымында, бул сыйлык көп гол киргизген футболчуга эмес, дүйнөнүн мыкты оюнчусуна берилет.

Чынында, “Алтын топ” дүйнөнүн мыкты оюнчусуна берилет, 80 гол киргизген футболчуга эмес. 80 гол үчүн мыкты бомбардирдин сыйлыгын аласыз.

Англия дүйнө чемпиондугун утуп алган күндө да, дүйнөнүн мыкты оюнчулары мен жана Мбаппе болмокпуз. Бул эки башка нерсе. Адамдар муну дагы деле түшүнбөй жатышат”, - деген Ямаль.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан