Биз социалдык тармакта

Нобель сыйлыгынын көлөмү көбөйтүлдү

Нобель фонду быйыл Нобель сыйлыгынын көлөмүн 12 миллион швед кронуна (1,22 миллион доллар) чейин көбөйттү. Бул тууралуу фонддун өкүлдөрүнө таянып, чет элдик басылмалар билдиришти.

«Сыйлыктын көлөмүн көбөйтүү менен биз Нобель сыйлыгынын узак мөөнөттүү маанисин колдойбуз жана анын акчалай бөлүгү убакыт өткөн сайын өз баалуулугун сактап калышын камсыздайбыз», — деди Нобель фондунун аткаруучу директору Ханна Стьерне.

Акыркы 15 жыл ичинде сыйлыктын өлчөмү бир нече жолу өзгөртүлгөн. Маселен, 2012-жылы ар бир категория боюнча Нобель сыйлыгынын көлөмү 10 миллион швед кронунан (2012-жылдагы курс боюнча 1,4 миллион доллар) 8 миллион швед кронасына (2012-жылдагы курс боюнча 1,12 миллион доллар) чейин кыскартылган.

2012-жылдан бери Нобель сыйлыгынын акчалай бөлүгү үч жолу көбөйтүлгөн. Ал эми 2026-жылы анын көлөмү 12 миллион швед кронасына (1,22 миллион доллар) жетет.

Быйыл Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын ысымдары 5–12-октябрь күндөрү жарыяланат.

Эске салсак, "Нобель" сыйлыгы 1901-жылы негизделген. Ал жаңыча ойлоп табуулар жана көрүнүктүү илимий изилдөөлөр үчүн, ошондой эле коомдун жана маданияттын өнүгүшүнө чоң салымын кошкон инсандарга ыйгарылып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан