Ички иштер министрлиги 20-сентябрда ата-энелерге жана мугалимдерге кайрылып, буллингге кайдыгер карабоого жана анын алдын алууга өз убагында чара көрүү маанилүү экенин эскертти.
"Окуучуларды мазактоо, кемсинтүү, коркутуу, шылдыңдоо жана бөлүп коюу - буллингдин көрүнүштөрү. Буллингге кайдыгер карабоо жана анын алдын алууга өз убагында чара көрүү маанилүү.
Ата-энелер менен мугалимдер балдардын жүрүм-турумуна көңүл буруп, көйгөй жаралган учурда аларды колдоп, тиешелүү жардамга кайрылуусу зарыл", - деп айтылат билдирүүдө.