Биз социалдык тармакта

Акысыз роутер жана ТВ-приставка: О! операторунан үй-бүлөлүк интернет жана байланыш  

О! Мобилдик оператору О! экосистемасынын алкагында ылдам үй интернетин, уюлдук байланышты жана ТВбирдиктүү кызматтар топтомуна бириктирген сунушту ишке киргизүүдө.

Сунуштун негизги өзгөчөлүгү – техникага кеткен чыгымдардан толук эркиндик. Кардарлар сапаттуу премиум-класстагы жабдууларды: келечекке жетиштүү кубаттуулуктагы жана үйдө 10+ түзмөктү бир эле учурда туташтырганда да туруктуу иштеген ТВ-приставка жана гигабиттик Wi-Fi роутерди жоопкерчиликтүү сактоого акысыз алышат.

Дагы бир маанилүү артыкчылыгы – туташтыруунун максималдуу ыңгайлуулугу жана ылдамдыгы. Арызды бир нече чыкылдатуу аркылуу каалаган ыңгайлуу ыкма менен: «Мой О!» тиркемесинде же жакынкы O!Store дүкөнүндөтолтурса болот.

Ушул тапта кошулгандан кийинки алгачкы 100 күнгө 35% арзандатуу менен акциялык шарттар иштейт:

«Үй-бүлө Премиум 3» (3 SIM-карта + үй интернети + ТВ) – 30 күнгө 1 490 сом.
«Үй-бүлө Премиум 5» (5 SIM-карта + үй интернети + ТВ) – 30 күнгө 1 990 сом.

Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн муктаждыгына жараша тарифтик план оңой эле жөнгө салынат – бир айлык бирдиктүү төлөм менен жалпы эсептен 3төн 7ге чейин SIM-картаны байланыштырса болот. Топтомго 500 Мбит/с чейинки Saima интернет, 220+ ТВ-канал жана 5 онлайн-кинотеатр кирет. Бирдиктүү экосистема сонун кошумча болуп саналат: О! байланышын жана Saima интернетин колдонуп, «Мой О!» тиркемеси аркылуу кызматтарды оңой эле башкарып, O!Bank аркылуу заматта төлөсөңүз болот.

***

О!, О!Банк жана Saima Telecom – бул мобилдик байланыш, интернет, каржылык кызматтар жана электрондук коммерция тармагындагы технологиялык топ болгон ALGA Group компаниясынын курамына кирет. Толук маалымат: algagroup.com.

«НУРТелеком» ЖЧКсы. КР МТБМК алдындагы МБАлицензиялары 06.12.2016-ж.: №16-0062-КР, №16-0063-КР.

«SAIMA TELECOM» ЖАК. КР МТБМК алдындагы МБАлицензиялары: №16-0019-КР 04.08.2016-ж., №03-292-КР 24.11.2003-ж.

«О!Банк» ААК. КР УБ №044 лицензиясы, 17.09.2024-ж.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан