Бүгүн, 21-сентябрда Японияда өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында кыргызстандык ММА спортчусу Ырыскелди Дүйшеев коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Ал чейрек финалда Палестинанын өкүлү Сами Аккавини 3:0 эсебинде жеңген. Кийин жарым финалда Тажикстандын спортчусу Бехруз Хуршедшода менен беттешип, жеңишке жеткен.
Бирок тажик тарап апелляция берген. Кайра түзүлгөн комиссиянын чечими менен жеңиш Тажикстандын өкүлүнө ыйгарылып, Дүйшеев үчүнчү орунду ээледи.