Кечээ, 21-сентябрда президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында АКШнын ишкер чөйрөсүнүн жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолукту.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу StoneX Group компаниясынын кеңсесинде өтүп, анда Кыргызстандын экономикасы, инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана эки өлкөнүн бизнес байланыштарын кеңейтүү маселелери талкууланды. Жолугушууда америкалык ишкерлер Кыргызстандагы экономикалык өсүш, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча иштер тууралуу пикирлерин билдиришти.
Садыр Жапаров мыйзамдуулукту бекемдөө жана бизнес үчүн ачык-айкын шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, америкалык инвестицияларды тартууга кызыкдар экенин айтып, кызматташуу үчүн тоо-кен тармагын, текстиль өндүрүшүн, курулушту жана башка багыттарды атады.
Белгилей кетсек, Жапаровдун АКШдагы иш сапарынын алкагында StoneX Group компаниясынын жетекчилиги менен өзүнчө жолугушуу да өткөн. Анда Кыргызстан менен компаниянын кызматташтыгын кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлор талкууланган.