Бишкекте транспорт жана шаардык инфраструктураны жакшыртуу боюнча бир катар иштер жүргүзүлдү.
Мэриянын кечээ, 21-сентябрда берген маалыматына караганда, шаар көчөлөрүнө кондиционери бар 95 автобус чыгарылып, 41 акылдуу светофор орнотулду. Ошондой эле 20 чакырым тротуар курулду.
"Учурда транспорттук өтмөктөрдү, 1 көпүрө жана 7 жөө адамдар өтүүчү өтмөктү куруу иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, 156 көчөдө асфальт төшөө иштери башталып, анын ичинен 89 көчөдө иштер толугу менен аяктады",- деп кошумчаланган маалыматта.