Биз социалдык тармакта

Гарри апасы Дианага арналган даректүү тасма тартууну пландап жатат

Ханзада Гарри апасы, ханбийке Диананын каза болгонуна 30 жыл толгонуна арналган даректүү тасма тартууну пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, Гарри тасманы даярдоого бир нече тууганын чакырган. Алардын арасында Диананын бир тууганы Чарльз Спенсер да бар, бирок ал тасмага катышуудан баш тарткан.

Азырынча долбоор расмий бекитиле элек. Тасманы Гарри менен Меган Маркл кызматташкан Netflix платформасы сатып алышы мүмкүн экени айтылууда.

Белгилей кетсек, ханбийке Диана 1997-жылдын 31-августунда каза болгон. Анын каза болгонуна 2027-жылдын 31-августунда 30 жыл толот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан