Агартуу министрлиги жеке менчик жалпы билим берүү уюмдарындагы окуу акысынын өлчөмүн белгилебестигин жана түздөн-түз жөнгө салбастыгын кабарлады.
Бүгүн, 22-сентябрдагы билдирүүдө жеке менчик окуу жайлары бааны өз алдынча коюшары айтылат. Министрлик мамлекеттик мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында окутуу акысыз экенин кошумчалады.