Биз социалдык тармакта

Иран АКШнын жаңы чабуулун кайтарууга даяр экенин жарыялады

Иран армиясынын командири, генерал-майор Амир Хатами дүйшөмбү күнү өлкөнүн куралдуу күчтөрү АКШ же Израил тарабынан жасала турган ар кандай жаңы чабуулдарды кайтарууга толук даяр экенин билдирди.

"Биз Ирандын көз карандысыздыгын, коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн коргоодон бир мүнөткө да тартынбайбыз",- деп жазышат чет өлкөлүк басылмалар генералдын айткандарын.

Эске салсак, жекшемби күнү АКШнын президенти Дональд Трамп Иран боюнча чечим кабыл алуу процессинде экенин, анын алкагында ар кандай варианттарды карап жатканын билдирген. Тегеран болсо, АКШ согушту кайра баштоого даярданып жатканын жарыялаган. Иран бул боюнча эскертүү да жасаган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан