Биз социалдык тармакта

Зеленский Трампка жооп кайтарды: "Украина Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна сокку урууну токтотууга даяр"

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна сокку урууну токтотууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда орусиялык басылмалар жазышты.

Анын айтымында, Орусия Украинадагы энергетикалык жана маанилүү объекттерге чабуулун токтотсо, Киев да Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна сокку урууну токтотууга даяр.

"Энергетика тармагы, критикалык инфраструктура жана азык-түлүк экспорту Орусия үчүн бута болууну токтотушу керек. Бул Украина тараптан деэскалация боюнча тиешелүү кадамдарга алып келет",- деп жазган Зеленский социалдык тармактагы баракчасына.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Украина Орусиянын дизель тармагына сокку урууну токтотушу керектигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан