Адылбек Касымалиев Кытайга жумушчу сапар менен барат
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайдын Ханчжоу шаарына жумушчу сапар менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда президенттик администрация билдирди.
Маалым болгондой, сапардын алкагында ал Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян жана бир катар компаниялардын, уюмдардын жетекчилери менен жолугушат.
Мындан тышкары, Касымалиев 5-Дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнө катышат.