Орусияда айлык акысын ала албай жаткан 11 кыргызстандыкка жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, аларга "РБК Стройинвест" компаниясы эмгек акыларын бербей келген. Тиешелүү чаралар көрүлүп, жыйынтыгында жалпы суммасы 1 миллион 872 миң рубль өндүрүлгөн.