Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун хирургия бөлүмүндө биринчи жолу 2,5 жаштагы балага торакоскопиялык лобэктомия операциясы жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда аталган ооруканадан билдиришти.
Маалым болгондой, бул операцияда өпкөнүн бөлүгү аз инвазивдүү ыкма менен-кичинекей тешилүүлөр аркылуу, видеокамеранын көзөмөлүндө, көкүрөк клеткасын кеңири кеспестен алынды.
Баланын абалы канааттандырарлык, ал үйүнө чыгарылды.