"Бишкек Арена" стадионунун 5-октябрдагы расмий ачылышына арналган акысыз билеттерди сатуу тууралуу социалдык тармактарда жарыялар пайда болду.
Айрым аккаунттарда билеттер сатылары жазылып, байланыш номерлери көрсөтүлгөн. Ачылыштагы концертке кирүү акысыз экени буга чейин расмий маалымдалган.
Бүгүн, 22-сентябрда ИИМ учурда бардык жагдайлар аныкталып жатканын билдирип, текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү адамдардын аракеттерине юридикалык баа берилерин маалымдады.