Биз социалдык тармакта

Эмгек министрлигинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Мамлекеттик социалдык буюртманы ишке ашырууда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдалгандай, 2022-2023-жылдары Эмгек министрлиги жалпы 3 миллион 737 миң 313 сомдук алты келишим түзгөн. Аталган келишимдерди ишке ашырууда айрым жооптуу кызмат адамдары бюджеттик каражаттарды өздөштүрүп, отчёттук документтерге атайылап жалган маалыматтарды киргизишип, келишимдердин аткарылышына жана бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышына тиешелүү көзөмөл жүргүзүшкөн эмес.
Натыйжада ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, улгайган жарандарды, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана балдарды колдоого багытталган каражаттар максаттуу пайдаланылган эмес. Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу", "Шалаакылык" жана "Документтердин жасалмасын жасоо" беренелери кылыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан