Кыргызстандын улуттук курама командасы Кытайдын Шанхай шаарында өтүп жаткан кесиптик чеберчиликтин 48-дүйнөлүк чемпиондугуна (WorldSkills Shanghai-2026) жети багыт боюнча катышууда. Бул тууралуу Илим министрлиги билдирди.
Мелдеш 22-27-сентябрь күндөрү өтүп, кыргызстандык жаш адистер ширетүү, тамак жасоо чеберчилиги, мода, дизайн, веб-технология жана мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу сыяктуу жети адистик боюнча күч сынашууда.
Чемпиондукка 68 өлкө жана аймактан 1385 жаш адис катышып жатканы маалым болду. Белгилей кетсек, Кыргызстан 2026-жылы WorldSkills International уюмунун толук укуктуу мүчөсү болгон.