Япониянын Нагоя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында ММА боюнча мелдештин байге ээлерин сыйлоо аземи өттү. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Мелдеште Кыргызстандын спортчулары Дастан Каныбек уулу (60 килограммга чейин) жана Сыймык Жаныбек уулу (77 килограммга чейин) байгелүү орундарга ээ болуп, коло медаль тагынышты.