Бишкекте алдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн 52 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда борбор калаа милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал унааларды сатып алуу шылтоосу менен жарандарды алдап келген. Шектүү 4-апрелде кармалып, кийинчерээк үй камагына чыгарылган. Бирок ал үй камагында жүргөн учурда качып кеткен.