Биз социалдык тармакта

Ак-Ордодо мамлекет каржылаган гемодиализ клиникасы ачылды

Бүгүн, 22-сентябрда Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда нефрологиялык жардам көрсөтүү боюнча клиника ачылды.

Клиниканын ишмердүүлүгү бөйрөк оорулары бар бейтаптарга, анын ичинде гемодиализге муктаж адамдарга медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган. Мекеме Министрлер кабинети менен Diaverum компаниясынын кызматташуусунун натыйжасында ачылып, бейтаптарга мамлекет тарабынан каржылануучу диализ кызматтарын көрсөтөт.

Ачылыш аземине саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев, президентке караштуу Улуттук инвестициялар агенттигинин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов, компаниянын Жакынкы Чыгыш жана Азия боюнча башкы операциялык директору Зияд Кабли жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү катышты.

"Учурда өлкөдө бөйрөк ооруларынын саны көбөйүүдө. Буга байланыштуу жаңы борборлордун ачылышы көп байкалууда. Мындай ооруну дарылаган борборлорго мамлекет тарабынан 100 пайыз каражат бөлүнөт. Биздин максат – борборлордун санын эмес, сапатын жогорулатуу", - деди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев.

Diaverum компаниясынын клиникасында жасалма интеллект жана геномика технологиялары колдонулат. Бул технологиялар дарыгерлерге бейтаптарды диагностикалоого жана дарылоого жардам берет.

"Клиника толугу менен санариптик системага интеграцияланган. Мисалы, бейтаптын анализин Кыргызстандагы дарыгерлер гана эмес, Европадагы жана БАЭдеги дарыгерлер да көрө алышат. Бейтапты дарылоодо жасалма интеллект технологиялары да пайдаланылат", - деди компаниянын Түштүк-Чыгыш Азия, Борбордук Азия жана Чыгыш Азия боюнча вице-президенти Амантур Рыскулов.

Аталган компания нефрологиялык жардам көрсөтүү тармагында 35 жылдан ашуун тажрыйбага ээ. Бишкектеги клиника ишмердүүлүгүн 15 диализдик орун менен баштады. Келечекте алардын санын 20га чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан