Биз социалдык тармакта

Роналду сыйлыксыз калды: Португалияда мыктылар аныкталды

Португалиянын футбол федерациясы жыл жыйынтыгы боюнча сыйлык тапшыруу аземин өткөрдү. Анда өлкөнүн белгилүү футболчусу Криштиану Роналду эч кандай сыйлык алган жок.

«Жылдын жылдыздары» наамына Витинья, Жоау Невеш, Нуну Мендеш жана Гонсалу Рамуш татыды.

Ал эми футболго кошкон глобалдык салымы үчүн Луиш Кампуш сыйланды. Жылдын мыкты машыктыруучусу наамы Португалия кубогун жеңген «Торренсе» клубунун башкы машыктыруучусу Луиш Тральяуга берилди.

Карьералык жетишкендиктери үчүн Руй Патрисиу, Жозе Фонте жана Адриен Силва сыйлык алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан