Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактарда тараган министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев кызматтан кетиши мүмкүн деген маалыматтарга комментарий берди.
Анын айтымында, аталган эки жетекчини кызматтан бошотуу маселеси каралган эмес жана азырынча күн тартибинде жок.