Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы №79 мектептин 570 орундуу жаңы имаратынын курулушу толугу менен аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Үч кабаттуу мектеп эки нөөмөттө иштеп, 1000ден ашык окуучуга билим алууга шарт түзөт. Имарат республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, заманбап талаптарга ылайык жабдылды.
Мектепте окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы, компьютердик класс, дарыгердин бөлмөсү жана спорт залы бар. Мындан тышкары, окуучулар үчүн сыртта спорт аянтчалары уюштурулуп, аймак көрктөндүрүлдү.
Аталган мектеп 2026-жылы курулушу башталган 20 мектептин бири болуп саналат.