Бишкектин Кашка-Баш айылында 750 орундуу жаңы мектептин курулушу толугу менен аяктады. Долбоор Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылган.
Жалпы аянты 8 миң чарчы метрден ашкан мектептин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда имаратта тазалоо жана эмеректерди орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
Мектепте окуучулар үчүн заманбап шарттар түзүлүп, анын аймагына эки футбол талаасы, волейбол жана баскетбол ойноого ылайыкталган спорт аянтчалары, алты тилкелүү чуркоо жолу жана жашыл эс алуу зоналары курулган.
Маалыматка ылайык, бул Кашка-Баш айылында акыркы 30 жыл ичинде курулган алгачкы жаңы мектеп. Анын пайдаланууга берилиши жергиликтүү балдардын заманбап жана коопсуз шартта билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзөт.