Биз социалдык тармакта

Таласта “Манас деми” жарым марафону өттү

Талас облусунда “Манас деми” аталышындагы жарым марафон уюштурулуп, ага Кыргызстандын бардык аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн келген жарандар катышты.

Спорттук иш-чара “Алтын Альянс” уюмунун жана Талас облусунун жетекчилигинин демилгеси менен өткөрүлдү. Анын негизги максаты — сергек жашоо образын жайылтуу менен бирге Талас облусунун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн таанытуу.

Катышуучулар белгиленген аралыкты басып өтүп, марафондун жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды.

Мындан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө эстрада өкүлдөрү концерттик программа тартуулап, катышуучуларга жана көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулашты.

Жергиликтүү жана чет өлкөлүк жөө күлүктөрдүн башын бириктирген “Манас деми” жарым марафону Таласты туристтик багыт катары таанытууга да салым кошту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан