Президент Садыр Жапаров 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы дебаттарга 193 өлкөнүн мамлекет башчылары жана делегациялары катышууда. Быйылкы сессия «Ишенимди калыбына келтирүү, өзгөрүүлөрдү башкаруу: ар бир адамдын жыргалчылыгы үчүн иштеген Бириккен Улуттар Уюму» деген ураандын алдында өтүүдө.
Садыр Жапаров бүгүн дебаттардын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт. Анын кайрылуусу Бишкек убактысы боюнча саат 21:00–22:00дө күтүлүүдө.