Билим берүү министринин орун басары Виктория Мозгачева Бишкектеги алдыңкы кесиптик лицейлердин директорлорунун аймактарга болгон иш сапарларынын жыйынтыгын талкуулаган кеңешме өткөрдү.
Аталган мекемеден билдиришкендей, жыйында кесиптик лицейлердеги жетишкендиктер жана көйгөйлөр каралып, аларды чечүү боюнча сунуштар берилди.
Иш сапарлардын жүрүшүндө окуу жайлардагы кадрдык жана инфраструктуралык маселелер аныкталып, лицензиясы жок кесиптерге окутуу сыяктуу мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча жеринде практикалык жардам көрсөтүлдү.
Колдоо иштери Бишкектеги №31, 45, 48, 51, 65, 68, 71, 72, 75, 106 жана 108 кесиптик лицейлеринде жүргүзүлгөн.
Ошондой эле айрым лицейлер боюнча эмгек жамааттарынын кайрылууларынын негизинде административдик чечимдер кабыл алынары айтылды.
Мындан ары иштер кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга жана кадрдык потенциалды бекемдөөгө багытталат.