Биз социалдык тармакта

Саманчин көчөсү узартылып, жаңы жол тилкеси ачылды

Бишкекте Саманчин көчөсүнүн Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки жаңы тилкеси ачылды. Буга чейин бул жерде унаа жолу болгон эмес. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

22-сентябрда мэр Айбек Жунушалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте аткарылган иштер менен таанышты.

Жаңы тилкеде 1200 чарчы метр аянтты ээлеген тротуар курулуп, сугат системасы орнотулуп, жол белгилери түшүрүлдү.

Ошондой эле Саманчин көчөсүнүн боюндагы жашыл тилкеде жайгашкан 19 жеңил типтеги объект демонтаждалган. Бул жерде узундугу 300 метрден ашкан сквер куруу пландалууда.

Шаарда жолдорду, жөө жүргүнчүлөр үчүн инфраструктураны өнүктүрүү жана аймактарды көрктөндүрүү иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан