Япониянын премьер-министри Санаэ Такаити Түндүк Корея менен жемиштүү мамиле түзүү үчүн сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал кечээ, 22-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясында сүйлөп жатып айтты.
"Мен өз ара пайдалуу жана жемиштүү мамилелерди түзүү үчүн сүйлөшүүлөргө жана конкреттүү аракеттерге даярмын",- деди Такаити.
Ошондой эле ал Түндүк Кореянын атайын кызматтары 1970-жылдары уурдап кеткен япон жарандарынын маселесин тез арада чечүү зарылдыгын белгиледи.
Белгилей кетсек, 2002-жылы Түндүк Корея япон жарандарынын уурдалышы боюнча 13 учурду расмий таанып, алардын бешөөсүнө мекенине кайтууга уруксат берген.