Бүгүн, 23-сентябрда Бишкектин Биринчи Май районундагы Шабдан баатыр көчөсү, 1/1 дарегинде таштанды күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Өрттүн жалпы аянты болжол менен 4 чарчы метрди түзгөн. Өрт өчүрүү бөлүмү жерине жеткенге чейин жалын өчүп калган. Учурда өрттүн себептери жана келтирилген чыгым такталууда.