Бүгүн, 23-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу мектеп ичиндеги рэкетчилик менен күрөшүү керектигин айтты.
Ал 2 жыл аралыгында ур-токмоктон 7 окуучу каза тапканын белгилеп, бийлик өкүлдөрүн алдын алуучу иштери жасоого чакырды.
"Агартуу министрлиги, Жогорку Кеңеш 2 айдын ичинде ушул маселе боюнча мыйзам долбоорун кабыл алсак. Мунун алдында тиешелүү министрликтерди чакырып, бир системдүү кадам таштайлы",- деди эл өкүлү.