Бишкекте жер кыртышын булгаган ишканага 65 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу 23-сентябрда Жаратылыш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Арча-Бешик конушунун аймагында жайгашкан трансформатордон май агып, анын кесепетинен жер кыртышы булгангандыгы аныкталган.
Аталган факт боюнча жергиликтүү ишканалардын бирине Укук бузуулар кодексине ылайык 65 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.