АКШ президенти Дональд Трамп БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушууга даяр. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио NBC телеканалына берген маегинде билдирди.
"Биз мындай жолугушууга каршы эмеспиз, бирок азырынча бул боюнча эч нерсе пландала элек. Айрыкча сүйлөшүү оң жыйынтыкка алып келиши мүмкүн болсо, мындай жолугушууну өткөрүүгө даярбыз",- деди ал.