Ысык-Көл облусундагы мамлекеттик жаратылыш коруктарынын биринде 300дөн ашуун аркар-кулжа бир аймакта оттоп жүргөндүгү байкалды.
Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына ылайык, бул көрүнүш Ысык-Көлдүн уникалдуу жаратылышынын байлыгын жана аймакта жапайы жаныбарлар үчүн түзүлгөн табигый жана коопсуз шарттарды айгинелейт.