Жогорку Кеңештин 23-сентябрдагы жыйынында депутат Талант Мамытов жаштардын ден соолугуна тынсыздануусун билдирип, бул маселеге көңүл бурууга чакырды.
Айтымында, Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, аскер кызматына чакырылып жаткандардын ичинен дээрлик көпчүлүгүнүн ден соолугунда маселе болууда.
“Албетте, аларды толугу менен аскерге жараксыз деп айтууга болбойт. Бирок бул баарыбызга коңгуроо. Анткени биздин келечегибизди аныктай турган, коргой турган жаштардын ден соолугу ушундай абалда болсо, бул аябай кейиштүү”,- деди ал.
Эл өкүлү дарыгерлерге таянып жаштардын ден соолугунун начарлашына алардын тамактануусу, анын ичинде энергетикалык суусундуктарды көп колдонгону себеп болуп жатканын айтты.
"Анын биринчи катарында энергетик суусундуктар турат. Аны айдоочулар алыскы жолго унаа башкарганда уктап калбаш үчүн ичишчү эле. Ал жүрөктүн иштешин тездетет. Бирок жаштар аны суусундук, тамак катары ичип жатышат. Мындан ашказан, боор, бөйрөк, жүрөк жабыркап, тахикардия пайда болууда. Буга көңүл буруу керек",- деди депутат.