Кыргызстандын пляж волейболу боюнча кыз-келиндер курамасы Японияда өтүп жаткан Азия оюндарынын плей-офф баскычына мөөнөтүнөн мурда жолдомо алды.
Кыргызстандын атынан Роза Расулбек кызы менен Огулай Кудайкулова С тайпасында күч сынашууда. Алар экинчи турда Түштүк Кореянын өкүлдөрүн 2:1 эсебинде, ал эми Кытай Кореяны 2:0 эсебинде уткан.
Ошентип, эки турдун жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытай плей-оффко чыгышты. Эми эки команда 25-сентябрда беттешет.