Айдоочулукка окутуудагы экзамендерди өз убагында өткөрүү жана кезек күтүүлөрдү азайтуу максатында 250дөн ашык унаа берүү пландалууда.
Президенттин иш башкармалыгынын бүгүн, 23-сентябрдагы маалматы боюнча, чет өлкөлөрдө иштөөгө даярдалып жаткан кесипкөй айдоочулар үчүн Code 95 талаптарына ылайык заманбап автодром курулууда. Учурда бул багытта 200дөн ашык арыз келип түшкөн.