АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдын президенти Си Цзиньпинди Эндрюс авиабазасынан жеке өзү тосуп алат. Трамптын мындай кадамы 60 жылдан бери сакталып келген протоколдун бузулушуна алып келет. Бул тууралуу Financial Times басылмасы жазды.
Басылманын маалыматына караганда, АКШ президенти чет өлкөлүк лидерди бул авиабазадан жеке өзү тосуп алган акыркы учур 1962-жылы болгон. Анда президент Жон Кеннеди Улуу Британиянын премьер-министри Гарольд Макмилланды учуп-конуу тилкесинен тосуп алган.
Financial Times басылмасы Трамптын мындай кадамы Си Цзиньпинге болгон терең урматтын белгиси болорун белгилеген.
Си Цзиньпин АКШга 23-25-сентябрь күндөрү мамлекеттик сапар менен барат. Бул анын 11 жылдан бери АКШга жасаган биринчи мамлекеттик сапары болот.