Өлкөдө онкологиялык дарт менен ооруган жарандардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Бул тууралуу парламенттин 23-сентябрдагы жыйынында депутат Талант Мамытов айтты.
Ал билдиргендей, республикада онкологиялык дарт менен ооруган 37 миңден ашуун адам каттоодо турат.
"Мисалы, 2020-жылы оорунун жаңы катталган учурлары 5377 болсо, 2025-жылы алардын саны 7 миңден ашты. Башкача айтканда, 30 пайызга көбөйдү. Былтыркы жылга карата аталган оорудан каза болгондордун саны 3 миңден ашат. Күнүнө онкология оорусунан 10 адам каза болот экен. Бул деген чоң трагедия",- деди эл өкүлү.
Депутат өлкөдө дартты аныктоочу аппараттар жетишсиз экенин кошумчалап, аймактарда онкологиялык борборлорду курууну сунуштады.