Биз социалдык тармакта

Дастан Бекешев Нурдан Орунтаевди майыптардын арабасына отургузуу керектигин айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкекте курулуштар көп болуп жатканына кубанарын, бирок сапатына нааразы экенин айтты.

Эл өкүлү салынган жолдор бат эле бузулуп жатканын, имараттарды салууда майыптыгы барлар үчүн шарттар каралбай жатканын белгиледи.

"Курулуш министри Нурдан Орунтаевди абакка эмес, майыптардын арабасына отургузуп, курулуштарды кыдыртуу керек. Мамлекеттен акча бөлүнүп жатат, а бирок сапатка ким карайт? Курулуш министри каякты карап жатат?",- деди Бекешев кечээ, 22-сентябрда парламенттин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында.

Дастан Бекешев Нурдан Орунтаевди майыптардын арабасына отургузуу керектигин айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан