Улуттук олимпиада комитети Азия оюндарында Ырыскелди Дүйшеевге чыккан чечимге каршы арбитраждык сотко кайрылганын жарыялады.
Маалымдалгандай, Дүйшеев ММА боюнча мелдештин жарым финалында тажикстандык атаандашын уткан. Бирок кармаштан кийин тажик тарап апелляция берип, жыйынтыгында жеңиш тажикстандык спортчуга ыйгарылган. Кыргыз тарап өз кезегинде контрапелляция берүү укугунан пайдаланган. Бирок майнап чыккан эмес. Мындан улам арбитраждык сотко кайрылуу кылышкан.
"Комитет апелляция жана контрапелляцияны кароо процедуралары туура сакталган-сакталбаганын, калыстарды тандоо тартибин жана жыйынтыкты аныктоо процессин текшерүүнү суранган. Ошондой эле талаш каралып бүткөнгө чейин финалдык беттешти жылдырууну суранган.
Бирок CAS бул өтүнүчтү канааттандырган эмес. Натыйжада Дүйшеевге коло медаль тапшырылды. Учурда CAS жарым финалда болгон жагдайды карап жатат. Азиянын ММА федерациясы сот сураган документтерди жана материалдарды берүүгө тийиш",- деп айтылат билдирүүдө.