Жасалма интеллекттин жардамы менен белгилүү акын-жазуучулар жанданып, тил тууралуу ырларын айтышты. Бул тууралуу Мадина Асилбек кызы социалдык тармактагы баракчасына кечээ, 22-сентябрда видео жарыялаган.
Ал видеону Мамлекеттик тил күнүнө карата даярдаган. Анда Элмирбек Иманалиев, Алыкул Осмонов, Темиркул Үмөталиев, Жолон Мамытов жана Зайырбек Ажыматовдун образдары жасалма интеллект аркылуу түзүлүп, кыргыз тили жөнүндө ырларын айтышкан.
Белгилей кетсек, бүгүн, 23-сентябрда Кыргызстанда Мамлекеттик тил күнү белгиленип жатат.