Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Нью-Йорктон Бишкекке кайтып келди

Президент Садыр Жапаров АКШнын Нью-Йорк шаарынан Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, президент 15-сентябрдан бери Корея Республикасында жана АКШда сегиз күндүк иш сапарда болуп, анын 32 сааты учакта өткөн.

«№1 борт» Бишкек – Сеул – Аляска – Солт-Лейк-Сити (Юта штаты) – Нью-Йорк – Шаннон (Ирландия) – Бишкек багыты боюнча учуп, дүйнөнү айланып өттү.

Сегиз күндүн ичинде президент үч континентте болду.

Кореяда Садыр Жапаров расмий сапар менен болуп, жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрдү жана биринчи «Борбордук Азия – Корея» саммитине катышты.

Юта штатында штаттын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, лыжа курортун кеңейтүү долбоору жана Олимпиадалык парк менен таанышты. Ошондой эле тоо туризмин жана спорттук инфраструктураны өнүктүрүү тажрыйбасын көрдү.

Нью-Йоркто президент БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын жалпы дебатында сөз сүйлөп, эл аралык күн тартибиндеги маанилүү маселелер боюнча Кыргызстандын позициясын билдирди.

Мындан тышкары, америкалык ири бизнес жана каржы түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында бир катар эки тараптуу сүйлөшүүлөргө катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан